You are currently viewing Президент Садыр Жапаров “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводун ачты.

Президент Садыр Жапаров “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводун ачты.

Президент Садыр Жапаров “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү
заводун ачты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бугун, 30-сентябрда Чүй облусунун Москва районунда
“Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводунун ачылышына катышты. Мамлекет башчысы агрардык өлкө саналган Кыргызстанда айыл чарбасы – негизги тармактардын бири экенин белгиледи. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү өлкөбүздүн экономикасында маанилүү
роль ойнойт.


“Бул тармак мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, жумуш орундарын түзүп, экспорттун өнүгүшүн шарттайт. Бүгүн биз мына ушул багыттагы жүргүзүп жаткан мамлекеттик
саясатыбыздын бир мисалы катары “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү
компаниясынын заводунун ачылышында турабыз”, – деди Садыр Жапаров.