Чуй облусунун онуктуруу фонду боюнча кыскача маалымат:
Чуй өнүктурүү фонду Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 127 беренесинин 3 пунктуна негизинде түзүлгон.
Акча каражаты 128 беренеге ылайык пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн акчанын 2 пайызы өлчөмүндө төлөнөт, ушул эле кодекстин 130 беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 50 пайызы – облусту өнүктүрүү фондуна;
2) 30 пайызы – районду өнүктүрүү фондуна;
3) 20 пайызы – пайдалуу кен чыккан жердеги тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге.
4. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилбеген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 80 пайызы – районду өнүктүрүү фондуна;
2) 20 пайызы – пайдалуу кен чыккан жер боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге.
Жергиликтүү инфраструктураны кармоого салым кошкон негизги уюм болуп «Алтынкен» ЖЧКсы «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кодекске ылайык алтын өндүрүүнүн 2% өлчөмүндө эсептелет.
Каражаттарды бөлүштүрүү 100%дан (2%тен)
20% – жергиликтүү бюджет (ЖБК).
30% – Кемин районун өнүктүрүү фонду.
50% – Чүй облусун өнүктүрүү фонду.
Облусту өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат.
Фонддун максаты облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу, жергиликтүү жамааттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын демилгелерин колдоо жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана региондордо жумуш орундарын түзүү жолу менен региондук экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин экономикалык долбоорлорун каржылоо болуп саналат.
Чүй облустук өнүктүрүү фонду 2016-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ишин алып барат.