Бүгүн, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кайырма айылында суу алуучу жайдын ачылуу аземи болуп, ага утурлай эле Кайырма айылынын мектеби таза суу менен камсыз болду.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Дүйнөлүк банк тобунун башкаруучу мүдүрү жана башкы административдик топтун мүдүрү Вэньцай Чжан, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын алдындагы “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” боюнча мамлекеттик мекеменин мүдүрү – Азамат Шадманов жана Кайырма айылынын аксакалы – Райымкул Дүйшөналиевдин катышуусунда болуп өттү.
Белгилей кетсек, бүгүнкү суу алуучу жайдын ачылышы Чуй облусундагы таза суу боюнча Бүткүл дүйнөлүк банктын каражаты менен АРИС аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлордун бири.
“Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Бүткүл Дүйнөлүк Банктын каражаты менен 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин АРИС 26 долбоор менен 42 айылда иш алпарып келген. Анын натыйжасында 81 миң жашоочулар таза сапаттуу суу менен камсыз болушу күтүлүүдө.
2022-2025-жылдардагы жалпы каражаты 770 млн.сом болгон 19 айылда ишке ашырылып жаткан долбоордун ичинен 6 айылда толук аяктап ишке берилген. Дагы 8 айылда иштер 80-90 пайызга аткарылып, дээрлик аяктоосу күтүлүүдө.
Ийгиликтүү бүтүп жаткан Кайырма айылындагы бул долбоорго бөлүнгөн каражаттын суммасы 25 млн.сомду түзүп, 7,4 км суу түтүктөрү салынып, 250 кожолук таза суу менен камсыз болду.