You are currently viewing 5-октябрь күнү Чүй районунун Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Советское айылында “Мерген Fest” фестивалы болуп өттү.

5-октябрь күнү Чүй районунун Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Советское айылында “Мерген Fest” фестивалы болуп өттү.

5-октябрь күнү Чүй районунун Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Советское айылында “Мерген Fest” фестивалы болуп өттү.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чынгыз Айдарбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов, “Кумайык “федерациясынын төрөгасы Талай Шукуров жана «Алтын Сары-Өзөн” Чүй облусунун туристик Дестинациясынын төрагасы Батырбек Сыдыгалиевдин катышуусунда болуп өттү.

Мерген Fest – кыргыз элинин байыркы аңчылык жана мергенчилик салттарын даңазалаган масштабдуу маданий иш-чара. Фестиваль элибиздин аңчылык менен жаратылышты коргоо маданиятын жайылтып, улуттук каада-салттарды, өнөрлөрдү жана салттуу спортту өстүрүүнү көздөйт.

Аталган фестивалдын максаты: улуттук мергенчилик жана аңчылык салттарын, маданиятын сактап, өнүктүрүү. Фестиваль аркылуу байыркы көчмөндөрдүн аңчылык өнөрлөрүн даңазалап, келечек муунга өткөрүп берүү, ошондой эле аңчылык маданияты менен байланышкан спорттук оюндарды жана иш-чараларды жайылтуу максат кылынат.

Мындан тышкары, Мерген Fest экологиялык аң-сезимди жогорулатууга жана жаратылышты коргоого багытталган, анткени аңчылык менен бирге жаратылышка кам көрүү жана жоопкерчилик да баса белгиленет.