Кыргызстандын улуу маданий жана тарыхый мурасы ар кандай фестивалдар жана иш-чаралар аркылуу даңазаланат жана салтанаттуу иш-чаралар ар бир аймактын улуттук каада-салттарынан даам алуу менен бирге, кереметтүү тургундар менен таанышууга сонун мүмкүнчүлүк берет.
Баарыныздарды KYMYZ-FEST-2024 фестивалына келүүгө чакырабыз, анда сиз жан дүйнөңүздү улуттук обондор менен байланыштырып, кыргыздын ашканасы менен таанышып жана албетте атактуу кымыз суусундугунун даамын татып көрө аласыз. Белгилей кетсек, салтка айланган салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин « Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлүүдө.
Фестивалда көптөгөн жандуу көргөзмөлөр, жети дубандан келген кымыздын кеңири тандоосу жана кыргыз ашканасы, улуттук деңгээлдеги элдик кол өнөрчүлөрдүн катышуусу, анын ичинде боз үйлөр шаарчасы, ошондой эле түркүн түстүү жана кызыктуу кыргыз көчмөндөрүнүн улуттук оюндары көрсөтүлөт. Аталган салтанаттуу иш-чаралар кыргыз элинин чыныгы турмушун сезүүгө мүмкүндүк берет.
KYMYZ-FEST 2024-жылдын 6-июлунда, саат 10:00 Чуңкурчак жайлоосунда өткөрүлөт, кош келиңиздер!