Чүй облусунун өнүктүрүү фонду, ишканалардын жетекчилерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана Чүй облусунун бардык ишкер жарандарына:
Чүй облусунун өнүктүрүү фонду 2025-жылга социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү (заявкаларды) кабыл алууну жарыялайт. Долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2024-жылдын 30- ноябрга чейин жүргүзүлөт. Долбоордук өтүнмөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы №20 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2- тиркемесине ылайык толтурулушу керек. Өтүнмөгө айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында артыкчылык берилген маселелер кирип, анын техникалык документтери, курулуш жана башка ченемдери жана эрежелери (уруксат берүүчү документтер, техникалык адистешүүлөр, долбоордук- сметалык документтер) толук болушу зарыл.
– [ ] Өтүнмөлөрдү кабыл алуу (электрондук жана кагаз түрүндө) төмөнкү дарек боюнча: Бишкек шаары Т.Айтматов көчөсү №92 кабыл алынат.
e-mail: frcho@bk.ru
Байланыш телефондору: 0312 48-35-34;