Панфилов району
Панфилов району түндүк Кыргызстандын Чүй облусундагы район. Борбору Кайыңды. Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу райондордун бири болгон бул аймактын аянты 4861км²ды түзөт. 2009-жылдагы эл каттоо боюнча райондун калкынын саны – 41754 кишини түзөт. Калктын дээрлик 69 пайызын кыргыздар түзөт. Орус (17 пайыз), казак (3 пайыз) жана башка этностордун өкүлдөрү да байырлашат. Кайыңды шаары – райондун борбору.
Курамы
Райондук маанидеги шаары:
- Кайыңды шаары;
Райондо 6 айыл аймагы бар:
- Вознесеновка айылдык аймагы: Вознесеновка (борбору), Орто-Кайырма, Эркин-Сай;
- Күрпүлдөк айылдык аймагы: Күрпүлдөк (борбору), Киров, Ровное;
- Ортоев айылдык аймагы: Тельман (борбору), Букара, Кум-Арык;
- Курама айылдык аймагы: Панфилов (борбору), Жайылма, Орто-Арык, Эфиронос;
- Фрунзе айылдык аймагы: Чалдыбар (борбору), Чолок-Арык, Чорголу;
- Чалдыбар айылдык аймагы: Биринчи Май (борбору), Озерное, Октябрь, Ойронду;