You are currently viewing Бийлик өкүлдөрүнүн Чүй облусунун жарандары менен жолугушуусу соңуна келди.

Бийлик өкүлдөрүнүн Чүй облусунун жарандары менен жолугушуусу соңуна келди.

Сары-Өзөн эли менен жолугушууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Баймурза Маатов, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Торогелди Туркбаев, Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Джекшенов жана Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бекмаат Масаидов келишти.

Эскерте кетсек, аталган жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде болуп өттү.

Жыйынга келген тургундар социалдык маселелер боюнча кайрылууларын, сунуштарын айтышып, жергиликтүү мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик кызматтардын иштөө сапатын белгилешти. Белгилей кетсек, аталган жыйынга бардык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, көйгөйлөр айтылып жана чечүү жолдору жеринде талкууланды. Ошол эле учурда, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жеринде бардык көйгөйлүү маселелер боюнча консультацияларды өткөрүп, жарандардын арыздарын кабыл алышты.