Салтанаттуу ачылышта Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев куттуктоо сөзүн сүйлөп;
“Баарыбызга маалым болгондой урматтуу өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгелерин колдоого алып, аталган тармака тиешелүү болгон шарттарды түзүү максатында бир топ алгылыктуу кадамдар жасалууда. Тактап айтканда калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында облусттун аймагында социалдык объектилердин курулушуна олуттуу көңүл бурулуп, өткөн жылы жалпысынан 61 жаңы курулган социалдык объектилер, анын ичинде 7 бала бакча, 13 мектеп, 7 саламаттык сактоо мекемеси, 27 спорт обьектилери, 7 социалдык мекемелери курулуп, ишке берилди, ал эми быйылкы жылы 16 социалдык объекти ишке берилди 1 мектеп, 5 бала бакча, 8 саламаттыкты сактоо мекемеси, 2 спорт комплекси. Андан сырткары быйыл бала бакча, мектептерге болгон муктаждыкты азайтуу үчүн ушул жылы социалдык тармака тиешелүү 71 объектинин курулушу аяктаары күтүлүүдө. Алар 9 бала бакча, 4 мектепке спорт зал, 15 мектеп, 10 мектепке кошумча корпус, 17 саламаттык сактоо мекемеси, 14 спорт объектилери, 1 социалдык мекеме, 1 маданият үйү.”
“Бүгүнкү жаңы ишке берилип жаткан социалдык обьектибиз келечек үчүн кызмат кылып, ар мезгилде элибиздин саламаттыгынын, билиминин бекем болуусуна көмөкчү болот деп, терең ишенем. Бул курулушка салымын кошкон бардык тараптарга ыраазычылык!”,- деп белгиледи өз сөзүндө Джумагазиев.
Социалдык комплекстин аймагында футбол аянтчасы, балдар аянтчасы жана окуу борбору бар, ал эми бала бакча жергиликтүү тургундардын жана алардын балдарынын ыңгайлуулугу үчүн бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган.
Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльдар Абакиров, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кутпидин Шакиров, “Эмират” эл аралык кайрымдуулук фондунун мүдүрү Рахматулло Ажы жана аталган фонддун мурдагы мүдүрү Али Айоуб катышты.
Мындан тышкары, Кызыл-Октябрь айылында айыл өкмөттүн имараты курулуп, ишке берилди. Жаңы административдик имарат Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Айыл өкмөттүн жаңы имаратында айыл өкмөттүн адистери, айылдык кеӊеши, муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барышат.
Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев бул имарат биринчи кезекте эл үчүн гана курулганын, андагы жумушчулар менен айыл өкмөт жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн иштешээрин белгиледи.