You are currently viewing Президент Садыр Жапаров клинкер өндүрүүчү “Терек-Таш” заводун ишке киргизди!

Президент Садыр Жапаров клинкер өндүрүүчү “Терек-Таш” заводун ишке киргизди!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Чүй облусунун Кемин районундагы “Терек-Таш” клинкер өндүрүүчү заводун ишке киргизүү аземине катышты.

Бир эле учурда онлайн форматта Мамлекет башчысынын катышуусу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында 40 өнөр жай жана 60 социалдык объектинин ачылышы болуп өттү.